Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

“Каркыра-автодорожный” өткөрмө бекетинде системада убактылуу иштебей калды

Чек арадан өтүп жаткан жарандардан кырдаалга түшүнүү менен мамиле кылуусун суранышат

“Каркыра-автодорожный” көзөмөл-өткөрүү пунктунда системада мүчүлүштүктөр бар, деп билдирет УКМКнын Чек ара кызматы.

Мекемеден билдиришкендей, кечээ, 24-апрелде мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак тилкесиндеги «Каркыра-автодорожный» көзөмөл-өткөрүү пунктунда Тышкы миграцияны каттоонун бирдиктүү тутумунун (ТМБ) ишиндеги убактылуу үзгүлтүктөргө байланыштуу саат 15.00дөн 17.30га чейин , адамдардын жана унаалардын өтүүсү убактылуу токтотулду.

«Бүгүнкү күндө «Каркыра-автодорожный» өткөрүү пунктунда да ЕСУВМдин иштөөсүндөгү мүчүлүштүктөр маал-маалы менен катталып турат. Үзгүлтүксүз байланышты орнотуу үчүн жеринде техникалык иштер жүргүзүлүүдө», - деп айтылат маалыматта.

Чек ара кызматы мамлекеттик чек арадан өтүп жаткан жарандарды учурдагы кырдаалга түшүнүү менен мамиле кылуусун өтүнөт.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх