Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Салык декларацияңызды тапшырууга шашылыңыз, эртең акыркы күн!

Декларация тапшырбагандар айыпка тартылат

Бүгүн жана эртең салык органдары декларацияны түнгө чейин кабыл алышарын айтышты.
Эртең, 30-апрелде, жеке жактар жана жеке ишкерлер үчүн бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү аяктай турганын Мамлекеттик салык кызматы эскертти.

Маалыматка ылайык, бүгүн жана эртең бардык аймактык салык органдары декларацияны саат 24:00гө чейин кабыл алышат.

1-майга чейин төмөнкүлөр салык декларациясын тапшырат:

  • жеке ишкерлер, анын ичинде патент менен иштегендер;
  • менчигинде салык алынуучу мүлкү жана жер тилкеси (короо-жайынан башка) бар жеке жактар;
  • юридикалык жак болуп саналбаган дыйкан жана фермердик чарбалар;
  • мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын карамагында турган, илимий-изилдөө, чыгармачылык, окутуучулук, дарылоо-ден соолукту чыңдоо жана калкты тейлөө боюнча аткаруу-тескөө функциялары менен байланышпаган башка иштерди жүзөгө ашыруучу мекемелердин, ишканалардын же уюмдардын кызматкерлери;
  • мамлекеттик үлүшү бар уюмдардын жана ишканалардын кызматкерлери;
  • эл аралык уюмдардагы ишинен киреше алган, жашап турууга укугу же кайрылман статусу барлар;
  • жыл ичинде 300 миң сомдон ашык суммага мүлк сатып алган жеке жактар.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх