Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Үч чоку, 200 км жол. Ысык-Көл облусунда суперкурорт пайда болушу мүмкүн

Жыргалаң, Ак-Булак жана Боз-Учуктан бюджетке 146 миллион евродон ашык киреше келиши мүмкүн

Ысык-Көл облусунда үч тоо чокусу бар курорт пайда болушу мүмкүн. Долбоор социалдык тармактарда кайра талкууланууда.

Долбоорду француздук Soci t des Trois Vall es (S3V) компаниясы ишке ашыруу пландалууда. Эгер долбоор ийгиликтүү аяктаса, бул эс алуу аймагы Борбор Азиядагы эң чоң лыжа кластерине айланат.

Бул долбоор боюнча компания менен президент Садыр Жапаровдун сүйлөшүүлөрү апрель айынын аягында болгон.

Сунушталып жаткан кластерге ылайык, Жыргалаң, Ак-Булак жана Боз-Учук деген үч тоо чокусу бир эс алуу аймагына бириктирилет. Лыжа трассаларынын жалпы узундугу болжол менен 200 чакырымды түзөт. Долбоор ишке ашкандан кийин 4,8 миң жумушчу орун түзүлөт деп күтүлүүдө. Салыктык чегерүүлөрдүн көлөмү 146 миллион евродон ашышы мүмкүн.

Лыжа базалары жылына 10 ай иштеп, 850 миң туристти кабыл ала алат.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх