Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Аскат Алагөзов «Учкун» басмаканасында паспорттор кандай басылып жатканын көрсөттү - видео

«Биз жаңы Кыргызстанды куруу жолундабыз»

Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов «Учкун» басмаканасында паспорттор кандай басылып жатканын көрсөттү. Ал видеону Facebook баракчасында жайгаштырган.

«Биз жаңы Кыргызстанды куруу жолундабыз. Биз дагы деле болуп көрбөгөн тарыхый окуяларды башыбыздан өткөрүп жатабыз.

Белгилүү болгондой, мурда жарандык паспорт сыяктуу бардык маанилүү документтер чет өлкөдө басылып, ар бир документ башка өлкөдө басылып келген. Бул мамлекетибизге олуттуу каржылык чыгымдарды гана жаратпастан, улуттук коопсуздукка да кооптонууну жараткан. 1-июндан тарта өлкөбүздүн жарандарына берилүүчү бардык мамлекеттик документтер, атап айтканда, паспорт, ID карта, туулгандыгы тууралуу күбөлүк, айдоочулук күбөлүк жана башкалар биздин өлкөдө – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына караштуу «Учкун» басмаканасында басыла баштайт», — деп жазды Алагөзов.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх