Кыргыз-кытай чек арасындагы өткөрүү пункттары 10-июндан тарта жабык болот
Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирди
Кытай тараптын демилгеси менен КЭРде «Ажыдаар кайык фестивалын» майрамдоого байланыштуу мамлекеттик чек аранын кыргыз-кытай тилкесинде жайгашкан «Торугарт-автодорожный» жана «Эркечтам-автодорожный» өткөрүү пункттары 10-июнда убактылуу жабылат. Бул тууралуу КР УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.
«Эркечтам-автодорожный» жана «Торугарт-автодорожный» өткөрүү пункттары аркылуу адамдарды, транспорттук каражаттарды жана жүктөрдү өткөрүү 2024-жылдын 11-июнунан тарта кайра жанданат.
Сүрөт: www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз