Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандын бир катар банктары Орусияга жана Орусиядан акча которууну токтотту

9 банк чектөө киргизгенин белгилүү болду

АКШнын Каржы министрлиги 12-июнда Орусиянын бир катар финансы институттарына санкция салган. Ага ылайык Москва биржасы, Орусиянын Улуттук клиринг борбору жана Улуттук эсептешүү депозитарийи Вашингтондун "кара тизмесине" кирген. Булар менен кызматташкан чет элдик банктар да санкцияга кабылары эскертилген.

Бул жагдайга байланыштуу Кыргызстандын Улуттук банкы 13-июнда билдирүү жасады. Анда учурда ички валюта рыногунда абал салыштырмалуу туруктуу экени, Улуттук банк валюта саясатын жүргүзүүдө суроо-талаптын жана сунуштун негизинде алмашуу курсунун өзгөрүлмөлүү режимин сактай турганы белгиленген.

Маалыматка ылайык, Улуттук банктын жетекчилиги 13-июнда өлкөдөгү коммерциялык банктардын жетекчилери менен жолугушуп, валюта базарындагы кырдаалды талкуулады. Банкирлер Кыргызстандын негизги соода өнөктөш өлкөлөрүнүн финансы рынокторундагы өзгөрүүлөр ички валюта рыногуна таасир тийгизет деген тынчсыздануусун билдиришти.

Улуттук банк зарыл болгон учурда валюта рыногунда туруктуулукту сактоо үчүн тиешелүү чараларды көрөрү кабарланды.

Орусиянын финансы институттары АКШнын санкциясына кабылган жагдайдан улам, Кыргызстандагы айрым банктар 13-июнда Орусиялык банк жана финансы институттары менен акча которуу системасына чектөө киргизилгенин жарыялашты.

Орусиялык банктар менен тыгыз иштешип келе жаткан MBANK рублдин курсундагы чукул өзгөрүүлөргө байланыштуу рублдик эсептер жана карталар менен иштөөгө убактылуу чектөө киргизилгенин маалымдады. Банк рубль эсептердеги бардык каражаттар толук сакталарына кепилдик берип, кардарлар акчаны банктын бардык филиалдарынан чыгара аларын эскертүүдө.

Аты "Элдик банк" деп өзгөргөн мурдагы РСК банк дагы Орусияга жана Орусиядан акча которуу убактылуу иштебей жатканын билдирди.

Айрым банктар "Золотая корона», Astrasend, "Юнистрим", "РИА" жана Western Union акча которуу системалары убактылуу иштебей турганын маалымдашууда.

Улуттук банктын маалыматында 2023-жылы Кыргызстанда эл аралык акча которуу системалары аркылуу 165 млрд сомдон ашуун акча которулган. Анын ичинен 125,5 млрд сом Кыргызстанга которулса, 39,8 млрд сом сыртка чыккан.

Акча которуу системаларынын ичинен кардарлар эң көп колдонулганы “Золотая Корона” жана “Юнистрим” операторлору болгон.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх