Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 11 млрд куб метрге жетти

Суунун агып келиши секундасына 995 куб метрди түзсө, сууну керектөө секундасына 440 куб метрди түзүүдө

Бүгүн, 2-июлга карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 11 млрд 58 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ААКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 995 куб метрди түзсө, сууну керектөө секундасына 440 куб метрди түзүүдө.

Өлкөнүн энергетиктери керектөөчүлөрдү электр энергиясын сарамжалдуу пайдаланууга чакырат.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх