Кыргызстанда насыянын көлөмү жаңы рекорд койду
Мурдагысы 268,9 миллиард сом болуп апрелдин аягында катталган
Буга чейинкиси апрелдин аягында катталган. Анда насыя көлөмү 268,9 миллиард сомго жеткен.
Майдын соңуна карата Кыргызстандын банктарындагы насыянын көлөмү 275 миллиард 748,6 миллион сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук банктан кабарлашты.
Бул — рекорддук көрсөткүч. Мурдагысы 268,9 миллиард сом болуп апрелдин аягында катталган. Эгер жыл аягындагы маалыматтар менен салыштыра турган болсок, өсүш дээрлик 18 миллиард сомду түздү.
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз