Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ноокатта жер семирткич чыгарган завод курулат

Инвестициялык долбоордун алкагында Ош облусунун Ноокат районунда Кыргыз-Кытай айыл чарба өндүрүш паркын куруу күтүлүүдө

Кытай компаниясы менен түзүлгөн инвестициялык долбоордун алкагында Кыргыз-Кытай айыл чарба өндүрүш паркын куруу пландалууда.

Ноокатта 260 миллион долларга жер семирткич чыгарган завод курулат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган министрлик менен "Хебейлик Бай Доу Цзя" компаниясынын ортосунда түзүлгөн инвестициялык келишим ишке ашырылууда.

Инвестициялык долбоордун алкагында Ош облусунун Ноокат районунда Кыргыз-Кытай айыл чарба өндүрүш паркын куруу күтүлүүдө.

Демонстрациялык паркта:

  • жер семирткич чыгаруучу завод куруу;
  • айыл чарба техникаларын куроо;
  • үрөнчүлүктү өнүктүрүү тармактары каралууда.

Завод ишке кирсе 1000ден 3000ге чейин жумуш орду түзүлөрү кошумчаланган.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх