Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

2030-жылга карата ИДПнын көлөмүн 30 млрд долларга жеткирүү керек – Акылбек Жапаров

Жалпысынан 2020-жылга (248 млрд) салыштырмалуу 2024-жылы бул көрсөткүч 353 млрд сомго көп болот

Кыргызстандын ички дүң продукциясынын көлөмүн 2030-жылга карата 30 млрд АКШ долларына жеткирүү керек. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Экономика жана коммерция министрлигинин коллегиясында билдирди.

ИДПнын (ички дүң продукция) көлөмү 2018-жылдан 2022-жылга чейин 8,3 млрдан 11,5 млрдга чейин өскөндүгү ЕАЭБдин беш жылдык статистикалык жыйнагында жазылган. Ал эми 2023-жылы ИДПнын орточо өсүү темпи 7%ды түзсө, быйыл биринчи кварталда 8,8%га чейин өскөн.

Министрлер кабинетинин төрагасынын пикиринде, 2024-жылдын биринчи жарымында экономиканын өсүшү 8,1 пайызды түздү, Кумтөр кенин эсепке албаганда 9,9%, ИДП 559 млрд сомго жеткен. Ошентип Кыргызстан 2023-жылы чоң секирик жасап, өлкөнүн ИДПсы 1 трлн 228 млрд 900 млн сомду түздү. Бул көрсөткүч анын өсүү темпи 6,2%ды түзгөнүн билдирет.

Акылбек Жапаров былтыр консолидацияланган бюджет 575 млрд сомдон ашык сумманы түзгөнүн белгилеген. 2024-жылы бул көрсөткүч 600,7 млрд сом болоору болжолдонууда.

“Жалпысынан 2020-жылга (248 млрд) салыштырмалуу 2024-жылы бул көрсөткүч 353 млрд сомго көп болот. 2030-жылга карата ИДПны 30 млрд долларга жеткирүү үчүн жыл сайын 9-11,5 пайыз өсүү темпин басып өтүү керек. Албетте, мындай темпти сактап калуу кыйын, бирок жеткирсек болот”, - деди ал.

Жапаров экономиканы өнүктүрүүнүн бул этабы чыгармачылык мамилени талап кылаарын, мамлекеттин кеңири программасында жаштарга басым жасоо менен жаңы көндүмдөрдү кеңейтүү үчүн жакшы мүмкүнчүлүктөрдү көрүп тураарын кошумчалады.

Экономист Искендер Шаршеев жыл башында ИДП өскөнү менен түз инвестициянын көлөмү мурдагы жылдарга салыштырмалуу төмөндөгөнүн, жашоо тездик менен кымбаттап, мындай көрүнүш 2024-жылы дагы кайталанаарын жана ИДП менен инфляция жарыш келе жатканын ЖМКлардын бирине билдирген.

Ички дүң продукция (ИДП) - белгилүү убакыт ичинде (жыл, чейрек, ай) өлкө аймагында чыгарылган товар жана тейлөөнүн жалпы наркын көрсөткөн эң негизги макроэкономикалык көрсөткүч. Бул жашылча, мөмө-жемиштерден тартып кен байлыктарга чейин, өлкөдө өндүрүлгөн бардык товарлардын жана транспорт, туризм, соода сыяктуу кызмат көрсөтүүлөрдүн жалпы көлөмү болуп саналат.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх