Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Казакстанга өрүктү кантип экспорттоого болот?

Учурда Астана шаарынын базарларында абрикостун сатылуучу баасы 70-100 сомду түзөт

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги Тышкы иштер министрлиги менен биргеликте айыл чарба продукциясын экспорттоо боюнча өнөктөштөрдү табуу иштерин алып барууда.

Кыргызстандын Казакстандагы элчилигинин маалыматы боюнча, учурда Астана шаарынын базарларында абрикостун сатылуучу баасы 70-100 сомду түзөт. Шаардын “Астаналык” базарында соода орду (өлчөмү 180 см) 1 айга 100 миң теңге, 2 жана андан кийинки айларга 50 миң теңге турат.

Базардын аймагында продукцияны сактоочу кампалар жок. Товарды лабораториялык текшерүүдөн өткөрүү үчүн өзүнчө акы алынат. Учурда бош орундар бар же жогун базардын администраторунан билүүгө болот.

Ошол эле Астана шаарынын “Шарын” дүң базарынын администраторунун айтымында, учурда жүк ташуучу унаалардан гана соода жүргүзүлүүдө. Бир жүк ташуучу унаадан төлөм баасы күнүнө 7000 теңге, “газель” автоунаасы 5000 теңге төлөйт.

Астана шаарына абрикосту экспортоого кызыкдар тараптардын суроолоруна министрликтин кызматкери Н.Каарбаева +996557557529, Казакстандын башка шаарларына Э.Давыдов +996 500 555 000 телефон аркылуу жооп беришет.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх