Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Акылбек Жапаров: өлкө экономикасы Кумтөрсүз деле өсүш көрсөтүп жатат

Төрага бул тарыхый окуя экенин белгилед

Мурда экномикалык өсүш Кумтөрдөн көз каранды болчу. Ал эми азыр болсо ансыз деле өнүгүү болуп жатат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы — президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров билдирди.

Бүгүн анын төрагалыгы алдында президенттик аппараттын коллегиясынын жыйыны өттү.
Жапаров өлкөнүн акыркы үч жылдагы жана 2024-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы бир катар жетишкендиктери тууралуу кыскача баяндама жасады. Ал өлкөдөгү азыркы абал экономиканын өнүгүшүнө ыңгайлуу шарттарды түзүп жатканын айтып, бул мүмкүнчүлүктү пайдалануу зарылдыгын белгиледи.

"Эл аралык республикалык институттун маалыматы боюнча, Кыргызстан уникалдуу натыйжаларды көрсөтүүдө. Өлкөнүн экономикасы туруктуу өсүп, 2023-жылы ИДПнын орточо өсүү темпи 7 пайызды түзсө, үстүбүздөгү жылдын биринчи жарымында 8,1 пайызга жетти. Жалпысынан 559 миллиард сомду түздү", — деди Жапаров.
Анын айтымында, Кумтөрдү эсепке албаганда улуттук экономиканын өсүү темпи 9,9 пайызды түздү.

"Мурунку жылдары экономикалык өсүш "Кумтөр" менен байланыштуу болгон, азыр "Кумтөрсүз" эле жакшы жыйынтыктар болуп жатат", — деп кошумчалады ал.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх