Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстан жыл башынан тарта жогорку деңгээлдеги 49 иш-чара өткөрдү

 240ка жакын, анын ичинде 43 эки тараптуу жана 197 көп тараптуу эл аралык документтер иштелип чыккан

Кыргызстан жыл башынан тарта жогорку деңгээлдеги 49 иш-чара өткөрдү. Бул тууралуу маалымат жыйынында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев билдирди.

Анын айтымында, жалпысынан биринчи жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча Кыргызстан жогорку деңгээлдеги 87 тышкы саясий иш-чарага катышкан, анын 49у Кыргызстан тарабынан уюштурулуп, өткөрүлсө, 38и чет өлкөлөрдө өткөн.

“Жогоруда аталган иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча 240ка жакын, анын ичинде 43 эки тараптуу жана 197 көп тараптуу эл аралык документтер иштелип чыгып, кол коюуга даярдалды. Ошондой эле экономикалык жана финансылык мүнөздөгү 29 келишимге кол коюлган”, - деди ал.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх