Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Өлкөдө 2029-жылга чейин сүттү кайра иштетүүнү эки эсе көтөрүү максатталууда

Сүт өндүрүүчүлөрдүн маалыматы боюнча, азырынча өлкөдө өндүрүлгөн сүттүн үчтөн бир бөлүгү гана кайра иштетилет

2029-жылга чейин сүттү кайра иштетүүнү эки эсе көбөйтүү пландалууда. Бул тууралуу Сүт өндүрүүчүлөр уюмунун аткаруучу директору Сыймык Тайчабаров билдирди.

Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн "Садыр Жапаровдун токтому ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспортту көбөйтүүгө кандай жардам берет?" деген аталыштагы брифингге катышкан.

"Өлкөдө өндүрүлгөн сүттүн үчтөн бир бөлүгү гана кайра иштетилери аныкталды. Токтомго кол коюлгандан кийин сүт тармагын өнүктүрүү боюнча концепцияны бекитүүнү мерчемдеп жатабыз. Ал 2029-жылга чейин жеке сектор менен бирге сүттү кайра иштетүүнү эки эсе көтөрүүгө жардам берет", — деди Тайчабаров.
Сүт өндүрүүчүлөр уюмунун башчысы сүт азыктарынын экспортун көбөйтүү дагы максатталып жатканын кошумчалады.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх