ТИМ башчысы Кулубаев жарым жылда түзүлгөн келишимдерди тизмектеди
Кеп социалдык, инфраструктуралык жана башка тармактардагы долбоорлор жөнүндө болуп жатат
Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев брифингде жарым жылда макулдашылган маанилүү келишимдерди тизмектеди.
Кеп социалдык, инфраструктуралык жана башка тармактардагы долбоорлор жөнүндө болуп жатат.
Тизме:
- Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жол долбоорун бирге илгерилетүү боюнча кызматташуу келишилди;
- Энергетика жана финансы министрлиги менен биргеликте Камбар-Ата 1 ГЭСин куруу жана эксплуатациялоого даярдык башталды;
- Ислам өнүктүрүү банкы менен шариятка ылайык арзан турак жайдын курулушун каржылоо макулдашылды (суммасы 79 миллион доллар);
- "Бедел" эл аралык өткөрүү пунктунун ачылышы боюнча Кытай менен келишим түзүлдү;
- Бельгиядагы бизнес форумдун алкагында Европа инвестициялык банкы менен транспорт тармагындагы долбоорлорду 150 миллион еврого каржылоо макулдашылды;
- Улуу Британиянын тышкы иштер министри Дэвид Кэмерон менен жолугушууда британ тарап Борбор Азиядагы чакан жана орто бизнести колдоо үчүн 50 миллион фунттук фонд түзүүгө даяр экендигин билдирди;
- Сауд өнүктүрүү фонду менен мектептерди куруу боюнча долбоорду улантуу келишилди (50 миллион доллар);
- Өзбек-кыргыз фонду быйыл 30 миллион долларга 16 долбоорду каржылай баштады;
- Россия тарап менен уран калдыктарын рекультивациялоого 2 миллиард рубль бөлүү боюнча макулдашылды.
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз