Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Президент өлкө боюнча 29 миңден ашуун ипотекалык батирлердин курулушу пландалып жатканын айтты

“Менин үйүм – 2021-2026” турак жай программасынын алкагында республика аймагында дагы 16 мин 351 батирдин курулушу башталды

Өлкө боюнча 29 миңден ашуун ипотекалык батирлердин курулушу пландалууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн президенттин Иш башкармалыгынын 30 жылдыгына арналган иш-чарада билдирди.

Анын айтымында, учурда Иш башкармалык тарабынан өлкө боюнча 12 миң 659 батирдин курулушу жүрүп жатат.

“Менин үйүм – 2021-2026” турак жай программасынын алкагында республика аймагында дагы 16 мин 351 батирдин курулушу башталды. Жалпысынан аталган программа боюнча 29 миңден ашуун батирдин курулушу пландалууда", - деп белгиледи мамлекет башчысы.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх