Үч-Коргон ГЭСинин 4-ГАсын реконструкциялоо жумуштары 50 пайызга аткарылды
Учурда бир катар алгылыктуу жумуштар аткарылууда
Үч-Коргон ГЭСнин 4-гидроагрегатын реконструкциялоо жумуштарынын 50 пайызы аткарылып бүттү. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, "Электр станциялар" ААК аталган ГЭСтин гидроагрегатын реабилитациялоо иштерин башталгандан бери 5 ай өттү.
"Реконструкциялоо журуштарын аткарып жаткан топ тынымсыз иш алып барууда. Жалпылап айтканда Үч-Коргон ГЭСнин 4-ГАсын реконструкция жумуштарынын 50 пайызы аткарылып бүттү", - деп айтылат маалыматта.
Учурда бир катар алгылыктуу жумуштар аткарылууда:
- 4-ГАнын демонтаждоо жумуштары толугу менен аткарылып, жаңы гидроагрегатты чогултуу иштери;
- Генератордун статорунда чогултуу жумуштарынын 95 пайызы аткарылып бүттү;
- Генератордун муздатуу системасынын трубаларын монтаждоо иштери аяктады жана генератордун башкаруу системасын ордуна орнотуу;
- Өздүк керектөөгө болгон генераторга тиешелүү калкандарды алмаштыруу иштери аяктады;
- ГА толугу менен демонтаждоо жумуштары аткарылып, жаңы гидроагрегатты чогултуу иштери кызуу жүрүп жатат;
- Бүгүнкү күндө генератордун роторун монтаждоо иштери уланууда, ал үчүн жабдуулар алдырылууда;
- план боюнча августтун аяктарында Т-2 башкы трансформатордун демантождоо иштери башталат;
- реконструкция жумуштары ийгиликтүү бүтсө Үч-Коргон ГЭСнин №4 ГАсы жаңыланып, кошумча кубаттуулук кошулуп, иштөө мөөнөтү дагы 25-30 жылга узарат. Бул өз учурунда ГЭСтин иштөө ишенүүмдүлүгүн жана натыйжалуулугун жогорулатат.
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз