Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстан менен Кытай товар импорттоого жагымдуу шарттарды түзүүнү талкуулашты

Жолугушуунун жыйынтыгында бир нече протоколдорго кол коюлду

Бишкекте Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматы менен Кытайдын Башкы бажы башкармалыгынын өкүлдөрүнүн жолугушуусу өттү.

Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар бажы органдарынын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүнүн артыкчылыгын тастыкташып, төмөнкү маселелерди талкуулашты:

- бажы тобокелдиктерин башкаруу жаатында тажрыйба алмашуу;
- Кытай менен Борбор Азиянын ортосунда бажы тобокелдиктерин башкаруу жаатында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумдун долбоорун талкуулоо;
- Кыргызстандын бажы аймагына товарларды импорттоо үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жана башка маселелер.

Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргызстан жана Кытайдын бажы тобокелдиктери башкармалыгынын жетекчилеринин жолугушуусунун протоколуна кол коюлду.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх