Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунда 2,6 млрд сом каржы бузуу аныкталды
Каржылык тартип бузуулар 160 млн 121,9 миң сом
Кечээ Эсептөө палатасында Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2023-жылга карата бюджетинин аткарылышына жүргүзүлгөн шайкештик аудити жөнүндө отчету каралды.
Эсептөө палатасынан билдиришкендей, жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыгында дал келбестиктердин жалпы суммасы 2 млрд 641 455,1 миң сомду түздү.
Каржылык тартип бузуулар 160 млн 121,9 миң сом. Анын ичинен 60 млн 755,2 миң сом ордуна коюлууга тийиш, 40 млн 104,4 миң сом ордуна коюлган, калдыгы 20 млн 652,1 миң сом. Анын ичинен:
- акча каражаттарынын, товардык материалдык баалуулуктардын жетишпестиги – 310,8 миң сом;
- эмгек акыга негизсиз үстөк жана пособиелерди, компенсацияларды жана башка төлөмдөрдү төлөөгө байланышкан бузуулар – 89 млн 956,9 миң сомду;
- тастыктоочу документтерисиз чыгымдалган каражаттар – 269 миң сомго;
- курулуш-монтаждоо иштеринин наркын жана көлөмүн ашыкча баалоо – аткарылган иштердин актысында курулуш монтаж иштеринин көлөмүн жогорулатуу – 13 млн 328,9 миң сом;
- максатсыз колдонулган каражаттар – 9 млн 235,8 миң сом;
- дебитордук карыздарды эсепке алуудагы бузуулар - дебитордук карызды бухгалтердик эсепте чагылдырбоо – 38 млн 964,4 миң сом;
- бюджеттин кошумча эсептелинген кирешелери – 7 млн 601,5 миң сом жана башка.
Башка бузуулар 2 млрд 481 333,2 миң сом, анын ичинде:
- бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчеттуулуктун тартибин бузуу, бухгалтердик эсепте негизги каражаттарды таануу жана аммортизациялоо боюнча мыйзам талаптарын аткарбоо бухгалтердик эсептин жана отчеттуулуктун тартибин бузуу – 734 млн 644,5 миң сом;
- Мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү бузуулар – 270 млн 207,4 миң сомго сатып алуулар жол-жоболору өткөрүлгөн эмес;
- Милдеттенмелерди кабыл алуу жана тастыктоо жана бекитилген көрсөткүчтөрдөн ашыкча чыгымдоо (негизсиз үнөмдөөдөн эмгек акыга төлөнгөн каражаттар) – 1 млн 476 миң 481,3 сом.
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз