Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Чикагодо кыргыз продукциясын АКШга экспорттоо маселеси талкууланды

Америка рыногуна кыргыз продукциясын жеткирүүнүн көлөмүн көбөйтүүгө багытталган кызматташууну кеңейтүү маселеси талкууланды

Кечээ, 5-сентябрда Чикаго шаарындагы Кыргызстандын башкы консулу Болотбек Борбиев Кыргызстандан АКШга продукция экспорттогон "Арашан" компаниясына барды.

ТИМден билдиришкендей, иш сапарынын алкагында башкы консул компаниянын ишмердүүлүгү менен таанышып, Америка рыногуна кыргыз продукциясын жеткирүүнүн көлөмүн көбөйтүүгө багытталган кызматташууну кеңейтүү келечегин талкуулады.

Анда өндүрүш жана экспорттук циклдин бардык этаптарында компания туш болгон кыйынчылыктарды талкуулоого өзгөчө көңүл бурулуп, логистика, продукцияны сертификациялоо менен байланышкан көйгөйлөр, ошондой эле Американын сапат стандарттарынын талаптарын аткаруудагы кыйынчылыктар тууралуу сөз болду.

Борбиев Башкы консулдук бул тоскоолдуктарды жеңүүгө көмөк көрсөтүүгө жана пайда болгон маселелерди чечүүдө компанияга колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

Маалымат үчүн: “Арашан” компаниясы 2019-жылы Жолдошбек Бейшембек уулу жана Азамат Жумакеев аттуу мекендештерибиз тарабынан негизделген. 5 жылдын ичинде "Арашан" компаниясы Кыргызстандан, ошондой эле Борбор Азиянын башка өлкөлөрүнөн келген товарлардын ассортиментин 3төн 300гө чейин кеңейтти. Компаниянын продукциялары Америка боюнча 700дөн ашык дүкөндөрдө, ошондой эле АКШнын бардык штаттарын жана Канаданы камтыган онлайн платформаларда сатылууда.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх