Бишкек шаарында эттин баасы туруктуу – Айыл чарба министрлиги
5-сентябрдан тартып эт азыктарынын орто баасы билинбей күн сайын өсүп келген
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги 5-сентябрдан 18-сентябрга чейин Бишкек шаарындагы Аламүдүн, Орто-Сай жана Ош базарларындагы эт азыктарынын бааларына мониторинг жүргүздү.
Ведомствонун маалыматына ылайык, 5-сентябрдан тартып эт азыктарынын орто баасы билинбей күн сайын баа алмашып жатканына байланыштуу сатуучулар 30-20 сомго чейин бааны бирде өйдө, бирде төмөн коюп келген.
Белгиленгендей, 18-сентябрдагы мониторингдин жыйынтыгында эт азыктарынын баасы салыштырмалуу туруктуу экендиги байкалды.
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз