Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Көрктөндүрүү эрежелерин бузган. Бишкекте курулуш компаниялары айып жыгылды

Бишкек мэриясы бардык юридикалык жана жеке жактар шаардын көрктөндүрүү эрежелерин сакташы керектигин эскертет

Бишкекте бир катар курулуш компаниялары шаарды көрктөндүрүү эрежелерин бузгандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылды. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Алсак, -Ажыбек Баатыр көчөсү, 15 дарегинде жайгашкан "Прайм Констракшн" ЖЧКсы курулуш объектинин жанаша аймагында тазалыкты жана тартипти камсыз кылуу боюнча эрежелерди сактаган эмес. КР "Укук бузуулар жөнүндө" кодексинин 114-беренеси боюнча 13 миң сом суммасында протокол түзүлдү;
- "Кент Строй" ЖЧКсы курулуш аянтчасында санитардык нормалардын сакталбашы, бетон аралашмасынын төгүлүшү жана ирригациялык системаны булгаганы үчүн 114- 115-берененин 2-бөлүгү жана 249-берене боюнча протокол түзүлүп, салынган айып пулдун жалпы суммасы 49 миң сомду түздү;
- "Памир Строй" ЖЧКсы жанаша аймагындагы антисанитария, ошондой эле муниципалдык аймакка бетон аралашмасын төккөнү үчүн компанияга 114 жана 115-берененин 2-бөлүгү боюнча 36 миң сом суммасында протокол жазылды.

Бишкек мэриясы бардык юридикалык жана жеке жактар шаардын көрктөндүрүү эрежелерин сакташы керектигин эскертет.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх