Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстан менен Катардын авиация тармагындагы кызматташтыгын өнүктүрүү талкууланды

Эки тараптуу мамилелерди чыңдоо үчүн жигердүү кызматташууну улантууга даяр экендиктерин билдиришти

Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин директору Данияр Бостонов Катарда авиация тармагынын негизги өкүлдөрү менен бир катар жолугушууларды жана сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Ведомстводон билдиришкендей, Данияр Бостонов “Qatar Airways” авиакомпаниясынын вице-президенти Фатхи Атти менен жолугуп, анда тараптар Кыргызстан менен Катардын ортосунда түз авиакаттамдарды ачуу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты. Ошондой эле Европа жана Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрүнө, ошондой эле АКШга транзиттик жүк ташуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Мындан тышкары, Кыргызстандын жарандык авиация адистердин “Qatar Airways” авиакомпаниясында стажировкадан өтүү маселеси да каралды.

Белгиленгендей, Бостонов Катар жарандык авиация башкармалыгынын башчысы Мохамед бин Фалех Аль Хажри менен да сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, учуу коопсуздугу жана жөнгө салуу чөйрөсүндө эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү иштери тууралуу кеп козголду. Катар тарап Кыргызстандын авиация тармагын жөнгө салуунун сапатын жакшыртууну толук колдоорун айтты.

Катарга болгон сапардын алкагында Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин директору Катар авиациялык академиясынын башкы директору Жабор бин Хамад Аль Тани, Катардын транспорт министри Жасим бин Саиф Аль-Сулайти менен жолугушту.

Анда жетекчилер жаңы аба каттамдарын ачуу, авиациялык кадрлардын квалификациясын жогорулатуу, авиация тармагын мындан ары өнүктүрүү зарыл экендиктерин белгилешти. Ошону менен катар эки тараптуу мамилелерди чыңдоо үчүн жигердүү кызматташууну улантууга даяр экендиктерин айтышты.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх