Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Турак жай-курулуш кооперативдеринин ишин көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу орган жөнүндө жобо бекиди

Акча каражаттарын жоготкон жарандардын укук коргоо органдарына кайрылуулары көбөйүүдө

Министрлер кабинети “Турак жай-курулуш кооперативдеринин жана өз ара жардамдашуунун турак жай-топтомо кооперативдеринин ишин көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу орган жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтом кабыл алды.

Ага ылайык, кооперативдердин ишин көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу орган катары, Юстиция министрлиги, Ички иштер министрлиги, Улуттук банкы аныкталды.

Токтом турак жай кооперативдерин натыйжалуу жана сарамжалдуу башкарууну камсыз кылуу үчүн принципиалдуу жаңы мамилелерди колдонуу зарылчылыгын чечүү максатында иштелип чыкты. Белгилүү болгондой буга чейин турак жай кооперативдерине салынган салымдардын натыйжасында топтолгон акча каражаттарын жоготкон жарандардын саны өсүп, укук коргоо органдарына бул боюнча кайрылуулар көбөйүүдө.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх