Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

"Ак-Кула" жаңы ат майданы кайда курулары белгилүү болду

Ат майдандын жалпы аянты 224,8 гектарды түзөт, көрүүчүлөр үчүн 30 миң орундук даярдалат

“Ак-Кула ипподрому” объектиси боюнча Бишкек шаарынын Капиталдык курулуш башкармалыгы долбоордук-сметалык документтерди аткаруу үчүн тендер жарыялады.

Мамлекеттик сатып алуулар порталындагы маалыматка караганда, пландалган сумма - 31 млн 85 миң 521 сом, сынакка документтерди тапшыруу 14-октябрда аяктайт.

Жаңы ипподромду Сокулук районунун Военно-Антоновка айылынын аймагына куруу мерчемделүүдө.

Ат майдандын жалпы аянты 224,8 гектарды түзөт, көрүүчүлөр үчүн 30 миң орундук даярдалат. Ошондой эле 1200-1500 унаа токтой турган жай салынат.

Мындан тышкары, ипподромдун аймагына административдик имарат, 500 орундуу мейманкана, миң кишиге ылайыкталган ашкана жана медпункт курулат.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх