Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандан Афганистанга 120 тонна гуманитардык жардам жеткирилди

Жардам президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин жетекчилигинде уюштурулду

Кыргызстандан Афганистанга гуманитардык жардам жеткирилди.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, 25-сентябрда жөнөтүлгөн 120 тонна азык-түлүктөн турган гуманитардык жардам 28-сентябрда жерине жеткирилди.

Жардам президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин жетекчилигинде уюштурулду.

Эскерте кетсек, мамлекет башчысы Садыр Жапаров 2024-жылдын февраль айында бир нече өлкөлөрдүн Коопсуздук кеңештеринин башын бириктирген регионалдык жыйында, БУУнун 78-сессиясында да Афганистанга жардам берүүгө чакырык таштаган.

Кыргызстандан буга чейин да аталган өлкөгө азык-түлүк, кийим-кечелер, балдар үчүн оюнчуктар жана дары-дармектер жеткирилген.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх