Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Салык кызматы 211,4 млрд сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултту

Камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйноо 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 7,7 млрд сомго өстү

Мамлекеттик салык кызматы 2024-жылдын январь-сентябрь айларында 211 млрд 446,2 млн сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултту.

Ведомстводон маалымдашкандай, белгиленген план 7,6 млрд сомго ашыгы менен аткарылды. 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 32,7 млрд сомго көп чогултулган.

Жалпы сумманын 157 млрд 117,8 млн сомун салыктар жана төлөмдөр, ал эми 54 млрд 328,4 млн сомун камсыздандыруу төгүмдөрү түздү.

Салыктар жана төлөмдөр өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 25,06 млрд сомго көп жыйналды. План 1 млрд сомго ашыгы менен аткарылды.

Камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйноо 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 7,7 млрд сомго өстү. Пландык көрсөткүчтөр 6,6 млрд сомго ашыгы менен аткарылды.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх