Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ноокенде өрт өчүрүү бөлүмүнүн жаңы имараты курула баштады

Ыйгарым укуктуу өкүл Ноокен районун Момбеков айыл аймагынын Эски-Кочкор-Ата айылындагы сел тосмонун абалы менен таанышты

Ноокен районунун Жаңы-Арык айылында өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өрт өчүрүү кызматынын жаңы имараты курула баштады.

Капсула салуу аземине президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Тилек Текебаев катышты. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти.

Облус башчысы мекеме кырсыкка карата айыл аймактагы даярдыктарды жакшыртууга, жарандардын өмүрүн сактоо жана өзгөчө кырдаалдардан келтирилген зыяндын көлөмүн азайтууга жардамы чоң болоорун белгиледи.

Өрт өчүрүү кызматынын жаңы имаратынын сметалык баасы 15 млн 270 миң сомду түзөт. Имараттын курулушуна Ноокен райондук өнүктүрүү фонду тарабынан 14 млн 270 миң сом акча каражаты бөлүнсө, калган сумма жергиликтүү бюджеттен каржыланат.

Ыйгарым укуктуу өкүл Ноокен районун Момбеков айыл аймагынын Эски-Кочкор-Ата айылындагы сел тосмонун абалы менен таанышты. Сел тосмо ушул жылдын июнь айында катуу жааган жаандын кесепетинен жараксыз абалга келген.

Облус башчысы алдыдагы убакытта сел тосмону бекемдөө боюнча иш-аракеттер колго алынаарын айтып, тийиштүү тапшырмаларды берди.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх