Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда 614 миң гектар кунарсыз жайыт жерлери бар

Облустар боюнча кунарсыз жерлердин аянты

Кыргызстанда 614 миң гектар кунарсыз жайыт жерлери бар. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен кабарлашты.

Ведомстводон билдиришкендей, кунарсыз жерлерди өздөштүрүү жана пайдалануу өлкөнүн айыл чарба продукциясынын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатат. Мындан улам министрлик Райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктары жана өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте иш алып барууга кызыкдар.

Облустар боюнча кунарсыз жерлердин аянты:

- Ош облусу боюнча 52156,42 миң га,
- Жалал-Абад облусу боюнча 92843,85 миң га,
- Ысык-Көл облусу боюнча 112294,81 миң га,
- Талас облусу боюнча 68374,43 миң га,
- Нарын облусу боюнча 136289,72 миң га,
- Баткен облусу боюнча 138395,8 миң га,
- Чүй облусу боюнча 13694,37 миң гектар кунарсыз жерлер бар.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх