Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда тогуз айда керектөө баалары 3,4 пайызга өскөн

Мында баалардын максималдуу өсүшү (4,5 пайыз) Ысык-Көл облусунда катталды

Үстүбүздөгү жылдын январь-сентябрында керектөө бааларынын жана тарифтердин өсүшү жалпысынан республика боюнча 3,4 пайызды түздү. Бул тууралуу брифингде Улуттук статистикалык комитеттин төрагасынын биринчи орун басары Назира Керималиева билдирди.

Анын айтымында, мында алкоголдук ичимдиктерге жана тамеки буюмдарына баалар 9,2 пайызга, азык - түлүк эмес товарларга - 2,9 пайызга, тамак-аш азыктарына жана алкоголсуз суусундуктарга - 1,4 пайызга жана калкка көрсөтүлүүчү кызмат көрсөтүүлөргө тарифтер - 7,0 пайызга жогорулады.

"Керектөө бааларынын жана тарифтердин жогорулашы (мурунку жылдын декабрына салыштырмалуу) Жалал-Абад облусун кошпогондо, республиканын бардык региондорунда байкалды (0,1 пайызга төмөндөө). Мында баалардын максималдуу өсүшү (4,5 пайыз) Ысык-Көл облусунда катталды", - деди ал.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх