Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жалал-Абаддагы Кара-Буура жана Сары-Кыр ашуулары жабылды

Ашуулар жыл сайын октябрь айынан майга дейре жабык болот

Жалал-Абад облусуна караштуу Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка унаа жолунун Кара-Буура ашуусу жана Жалал-Абад-Казарман жолунун Сары-Кыр ашуусу жазга дейре жабылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Чаткал жана Сузак райондорунун акимдеринин буйругуна ылайык, аймакты караган жол тейлөө ишканалары тарабынан тиешелүү жерлерге каттамдардын жабылгандыгын көрсөткөн жол белгилери орнотулууда.

Белгилей кетсек, аба ырайынын катаал шарттарына байланыштуу Сары-Кыр жана Кара-Буура ашуулары жыл сайын октябрь айынан майга дейре жабык болот.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх