Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Айыл чарба министрлигинин өкүлдөрү Германиядагы Интертек лабораториясынын ишмердүүлүгү менен таанышты

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тарап кызматташтыкты кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин өкүлдөрү Германиядагы Кыргыз Республикасынын Элчилиги менен дүйнөлүк деңгээлдеги Интертек лабораториясынын ишмердүүлүгү менен таанышты.

Министрликтен билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө эки тарап кызматташтыкты улантуу жана Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин алдындагы лабораторияларды мамлекеттик жеке кызматташтык аркылуу ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү талкууланды.

Маалымат үчүн, Интертек лабораториясынын өндүрүүчүлөргө, импорттоочуларга жана экспорттоочуларга Эл аралык тамак аш коопсуздугунун талаптарына ылайык лаборатордук анализдер боюнча кызмат көрсөтөт.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх