Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Отун-энергетикалык комплекси жылытуу мезгилинин башталышына даяр – Мэрия

Жылытуу мезгилинин башталышы абанын орточо суткалык температурасы 5 күн катары менен +8 ℃ болгондо бериле баштайт

Бишкек шаарынын мэриясынын отун-энергетикалык комплексинин шаардык кызматтары жылытуу мезгилинин башталышына даяр.

Муниципапилеттин маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө бардык муниципалдык ишканаларда шаардагы турак-жайларды жылуулук менен үзгүлтүксүз камсыздоо боюнча комплекстүү иш-чаралар аткарылды.

Эске салсак, мурда аба ырайынын божомолун эске алуу менен жылуулук берүү 22-күндөн башталышы керек. Ошол эле учурда Бишкек шаарынын мэриясынан тиешелүү буйрук келгенден кийин гана жылуулук бериле баштайт.

Белгилей кетсек, Кыргызгидрометтин болжолдуу маалыматы боюнча жылытуу мезгилинин башталышы абанын орточо суткалык температурасы 5 күн катары менен +8 ℃ болгондо бериле баштайт.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх