Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жашыл экономика форумунда таштандыны кайра иштетүү маселеси көтөрүлөт – Жаанбаев

Жашыл экономика форуму Бишкекте 23-октябрда өтөт

Жашыл экономика форумунда таштандыны кайра иштетүү маселеси көтөрүлөт. Бул тууралуу JIA бизнес-ассоциациясынын өкүлү Марат Жаанбаев "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, таштандыны кайра иштетүүгө жеке ишкерлер тарабынан 1,5 млн доллар каражат жумшалды. Алдыда бул сумманы 10 млн долларга жеткирүү пландалууда.

“Ушул жылдын май айында Ош шаарында таштандыны иргөөчү жана кайра иштетүүчү заводду ачканбыз. Кыргызстанда таштандыны кайра иштетүү боюнча мыйзам кабыл алынып, ага президент кол койгон. Азыр бул тармакта 300дөн ашуун жеке ишкерлер иштеп жатат. Алардын иши көп учурда мыйзамга дал келбей калат экен. Ошол себептен биз тиешелүү министрликтерден колдоо издейбиз. Салыктык жактан, укуктук жактан ишкерлердин макамын кандай мыйзамдаштырсак болот, ушул багытта талкуу жүргүзүү керек деп эсептейбиз”, - деди Марат Жаанбаев.

Белгилей кетсек, Жашыл экономика форуму Бишкекте 23-октябрда өтөт. Анда жашыл экономика маселелери талкууланып, долбоорлорду ишке ашыруу боюнча пикир алмашуулар уюштурулат. Ошондой эле акыркы заманбап технологиялардын Green expo көргөзмөсү ачылат.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх