Таластагы 25 чакырым жолдун жарыктандырылышы жана 5 миллион сомго коюлган видеокамералар
Талас шаарынын 38 жерине 64 видео көзөмөл камералары орнотулду
Талас облусунун ички иштер башкармалыгы тарабынан Талас районунун Шумкар-Уя айыл өкмөтүнүн башчысы Бакыт Кыдыралиевге түнкү жарыктандыруу боюнча сунуш берилген. Бул сунуш Шумкар-Уя айылдык кеңешинин сессиясына коюлуп, айылдык кеңештин депутаттары тарабынан колдоого алынып, акча каражаты бөлүнүп, 25 чакырым жол жарыктандырылган. Азыркы учурда түнкү убакытта айдоочулардын жолдо жүрүүсүнө жеңил болуп, алыскы аралыкты көрүүгө ыңгайлуу шарт түзүлдү.
Белгилей кетсек быйылкы жылы Талас облусунун аймагында жүргүзүлгөн профилактика иштеринин жана түнкү жарыктандыруунун натыйжасында жол кырсыктарынын саны бир топко азайган. Тактап айтканда 2023-жылдын 9 айында 106 жол кырсыгы катталса, 2024-жылдын 9 айында 88ди түзүп, -18ге азайган. Ал эми Талас районунун Шумкар-Уя айыл аймагында былтыркы жылдын 9 айында 10 жол кырсыгы катталса, быйыл 9 айда 1 жол кырсыгы катталган. Бул цифра аталган айыл аймакта жол кырсыктарынын саны 90% азайганын белгилейт.
Талас шаарынын ички иштер бөлүмү тарабынан видео көзөмөл камераларын орнотуу боюнча Талас шаарынын мэриясына кат жолдонгон. Бул сунуш Талас шаардык кеңишинин сессиясында каралып, депутаттардын колдоосу менен бөлүнгөн 5 000 000 сом акча каражатына Талас шаарынын 38 жерине 64 видео көзөмөл камералары орнотулду. Алардын ичинен 10 даанасы адамды жүзүнөн тааныйт, 5 даанасы автоунаалардын мамлекеттик номерлерин аныктайт, 49 даанасы көзөмөл камералар.
Талас шаарынын аймагына кылмыштуулуктун алдын алуу максатында коюлган видеокамералар Талас ОИИБдин санарип көзөмөл борборуна туташтырылат. Ошондой эле Талас ШИИБдин нөөмөт бөлүмүнө, Талас шаарынын мэриясына онлайн форматта көрүү үчүн сыналгылар орнотулган. Азыркы учурда видео көзөмөл камераларын ИИМдин “Коопсуз өлкө” борборуна кошуу жумуштары жүргүзүлүүдө.
Талас ОИИБдин басма сөз кызматы