Кыргызстан менен Пакистандын соода-экономикалык кызматташтыгы талкууланды
Равалпинди 3 миң жыл мурун шаар катары пайда болгон, Исламбадга чейин Пакистандын борбору катары белгилүү
Кыргызстандын Пакистандагы элчиси Авазбек Атаханов Пакистандын эң активдүү соода-өнөр жай палаталарынын бирине (Равальпинди) барып, анын жетекчилиги жана мүчөлөрү менен жолугушту.
Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, элчи өлкөнүн соода-экономикалык, илимий, билим берүү, инвестициялык, транзиттик жана аймактык интеграциялык потенциалы менен тааныштырды. Ал ошондой эле Кыргызстандын соңку төрт жылдагы социалдык-экономикалык жетишкендиктери, жүргүзүлүп жаткан масштабдуу социалдык-экономикалык реформалардын натыйжалары, улуттук экономиканын тез өнүгүүсү, ишке ашырылып жаткан ири инвестициялык долбоорлор, ошондой эле өлкөнүн өсүп жаткан туристтик потенциалы тууралуу айтып берди.
Ал өз сөзүндө эки өлкөнүн ортосундагы өз ара соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты жигердүү өнүктүрүүгө чакырып, Кыргызстан Пакистан менен эки тараптуу мамилелерин сапаттык жаңы деңгээлге көтөрүүгө кызыкдар экенин баса белгиледи.
Өз кезегинде Равалпинди Соода-өнөр жай палатасынын президенти Усман Шаукат Пакистанда Кыргызстандын элчилиги түзүлгөндөн бери кыргыз дипломаттары менен пакистандык ишкер чөйрөлөрдүн ортосунда достук мамилелер өнүгүп келе жатканын белгилеп, бул кызматташууну мындан ары да ийгиликтүү улантууга кызыкдар экендигин айтты. Ал жетектеген Соода-өнөр жай палатасынын 20 миңден ашык жеке жана юридикалык жактар мүчө болгондугун маалымдап, Кыргызстан менен кызматташууну активдештирүүгө даяр экенин кошумчалады.
Ушу менен бирге, Усман Шаукат Кыргызстандын акыркы бир нече жылдагы экономикалык жетишкендиктерин жогору баалап, “Өнүгүүнүн кыргыз моделин” көптөр суктануу менен кылдат изилдеп жатканын белгиледи.
Жолугушууда тараптар өз ара кызматташтыкты арттыруунун жолдорун талкуулап, пакистандык ишкерлер үчүн Кыргызстанда жана кыргыз тарап үчүн Пакистанда бизнес-турларын өткөрүү, биргелешкен Ишкерлер кеңешин түзүү, бизнес-форумдарды, ошондой эле соода көргөзмөлөрүн уюштуруу боюнча макулдашышты.
Маалымат үчүн: Равалпинди 3 миң жыл мурун шаар катары пайда болгон, Исламбадга чейин Пакистандын борбору катары белгилүү. Анын калкы 2,5 миллион адамды түзөт. Бул жерде өлкөнүн башкы улуттук паркы, Аюб паркы, жана аскердик-өнөр жай комплекстери жана IT технологиялары тармагындагы заманбап ишканалар жайгашкан. Шаар өлкөнүн ири соода, логистикалык жана транспорттук түйүн болуп саналат, анда өнөр жай, тамак-аш, текстиль (пахта, жибек, жүн кайра иштетүү, трикотаж өндүрүштөрү), бут кийим, химия-фармацевтика, нефтини кайра иштетүү, металл иштетүү, машина куруу (негизинен механикалык жана монтаждоо цехтери) жана цемент ишканалары өнүккөн.