Бишкекте жогорку чыңалуудагы аба чубалгыларын оңдоо иштери 95 пайызга аяктады
529 чакырым аба чубалгысында утурумдук оӊдоо иштерин өткөрүштү
Бишкек электр тармактар ишканасынын Жогорку чыңалуудагы тармактар кызматы күз-кыш мезгилине карата оңдоп-түзөө иштерин 95%га аяктады. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.
Энергетиктер оңдоп-түзөө иштеринин алкагында 41 чакырым 35/110/220 кВ чыӊалуудагы аба чубалгыларын капиталдык оңдоодон өткөрүп, эскилиги жеткен жана жарактан чыккан 3 543 даана изоляторлорду алмаштырышты.
Ошондой эле пландалган 529 чакырым аба чубалгысында утурумдук оӊдоо иштерин өткөрүштү жана тепловизиондук текшерүүнүн негизинде аныкталган 8 дефектти жоюшту.
Белгилей кетсек, аба электр чубалгыларынын зымдарына жакын өскөн бак-дарактар электр берүү чубалгыларынын үзүлүшүнө жана электр энергиясынын үзгүлтүккө учурашына өбөлгө түзөт.
Мындан тышкары, 2024-жылдын планына ылайык, жогорку чыӊалуу тармактар кызматы тарабынан 1 950 дөн ашык бактын бутактарын бутоо, 1,9 га аянттагы трассаны тазалоо жана 1 145 кг темир бурчтарды ширетүү иштери жүргүзүлдү.