Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Президенттин Талас облусундагы өкүлчүлүгү 9 айдын жыйынтыгын чыгарды

Коллегиялык кеңешменин күн тартибинде төмөнкү маселелер каралды

Күн мурун президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын облустук коллегиясы өттү.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, ага облус башчысы Эрмат Жумаев, ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басарлары, шаар мэри, район акимдери, облустук, шаардык мекеме-ишкана жетекчилери айыл өкмөт башчылары жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышышты.

Коллегиялык кеңешменин күн тартибинде төмөнкү маселелер каралды:

1. 2024-жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен Талас облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсү;

2. Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча Талас облусундагы мамлекеттик органдарынын иш-чара мерчемдеринин аткарылышы;

3. Үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктарды алдын алуу боюнча жүргүзүлгөн иш аракеттердин жыйынтыгы.

Коллегиянын жүрүшүндө облустун өнүктүрүү программасынын алкагында жергиликтүү бюджеттердин аткарылышы, салык жыйымдары, социалдык өнүгүү, зордук-зомбулуктарды жана жол кырсыктарын алдын алууну күчөтүү боюнча маселелер талкууланды.

Жыйындын соңунда ыйгарым укуктуу өкүл Эрмат Жумаев шаар мэрин, район акимдерин салык жыйымдарынын аткарылышын көзөмөлдөө боюнча чараларды күчөтүүгө чакырып, кемчиликтерге жол берген кызматкерлерге тартиптик чараларды көрүүгө милдеттендирди. Буга кошумча облустук мекеме жетекчилердин ишмердүүлүгүндө мүчүлүштүктөрдү белгилеп, тезирээк жөнгө салуу боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх