Ат-Башыга бажы-логистикалык комплекс курууга инвестор изделүүдө
Арыздар 29-ноябрга чейин Бишкек шаары, 720040, Раззаков көчөсү 8/1 дареги боюнча кабыл алынат
Нарын облусунун Ат-Башы районуна бажы-логистикалык комплекс курууну пландалууда.
Мамлекеттик жеке өнөктөштүк борбору билдиргендей, КР президентине караштуу Улуттук инвестициялык агенттик Мамлекеттик бажы кызматы менен биргеликте бардык кызыкдар тараптарды каржылоо, долбоорлоо, куруу жана бажы-логистикалык комплексти ишке киргизүү боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбооруна сынакка катышууга чакырат.
Квалификациялык тандоого арызы бар конверт, ага тиркелген документтер кол менен же почта аркылуу 2024-жылдын 29-ноябрында саат 18:00гө чейин Бишкек шаары, 720040, Раззаков көчөсү 8/1 дареги боюнча кабыл алынат.