Кытайлык туристтердин тобу Кыргызстанда 21 күнгө чейин визасыз жүрө алышат
Кыргызстандан чыгып кеткенден кийин, туристтерге 21 күн өткөн соң кайра визасыз кирүүгө укук берилет
Кыргызстан Кытайдан келген уюштурулган туристтик топтор үчүн визасыз режим киргизди. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, уюштурулган топ 5тен 25ке чейинки адамдан турушу керек жана алдын ала бекитилген туристтик программа боюнча Кыргызстанга келиши зарыл.
Туризм тармагындагы ыйгарым укуктуу органдын өтүнүчү боюнча, топтун мүчөлөрү кайтуучу авиабилет бар шартта Кыргыз Республикасында визасыз 21 күнгө чейин жүрө алышат. Кыргызстандан чыгып кеткенден кийин, туристтерге 21 күн өткөн соң кайра визасыз кирүүгө укук берилет.
Кытайдан келген туристтик топтор үчүн визасыз режимдин киргизилиши Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы кызматташтыкты чыңдоого, туристтердин агымын көбөйтүүгө жана өз ара пайдалуу негизде экономикалык байланышты өнүктүрүүгө багытталган.