Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жайыл районунун "Кайыңды" көмөкчордонунда 12 изолятор алмаштырылды

Аталган көмөкчордон 1961-жылдан бери дээрлик жарым кылым кызмат кылган

Жайыл районунун 110/35/10 кВ "Кайыңды" көмөкчордонунда 12 изолятор алмаштырылды. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Алмаштыруу иштери Чүй электр тармактар ишканасынын көмөкчордондор кызматынын Жайыл тобунун энергетиктери тарабынан ишке ашырылды.

Белгиленгендей, аталган көмөкчордон 1961-жылдан бери дээрлик жарым кылым кызмат кылган.

Андан тышкары, энергетиктер тарабынан капиталдык курулуш иштеринин алкагында “Ак-Суу”, “Жаңы-Жер” көмөкчордондорунда КРУН-10 кВ жабдуулары жаңыланууда.

Бул иштер Чүй облусунун жашоочуларын үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоого шарт түзөт жана ишенимдүүлүктү жогорулатат.

Маалымат үчүн: 110/35/10 кВ "Кайыңды" көмөкчордону 1961-жылы пайдаланууга берилген. Көмөкчордон Чүй облусунун Панфилов районун жана Жайыл районунун бир бөлүгүн электр энергиясы менен камсыз кылат.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх