Кыргызстанда эми документтердин 745 түрү электрондук форматта гана берилет
Инфоком ишканасынын анализине таянсак, санариптик документ жүгүртүүгө өтүү жыл сайын 1 млрд сом үнөмдөөгө мүмкүнчүлүк түзөт
Кыргызстанда эми документтердин 745 түрү электрондук форматта гана берилет. Бул тууралуу Архив кызматынын төрагасынын орун басары Асхат Назаралиев радиолордун бирине берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, өлкөдө кагаздан электрондук документ жүгүртүүгө өтүү иштери жүрүүдө. Анын негизинде жаңы типтүү тизмеде каралган документтердин 863 түрүнүн 745и эми санариптик форматта гана берилет.
“2020-жылдан баштап баардык мекемелер электрондук документ жүгүртүүгө өтө баштаган. Президент Садыр Жапаровдун жарлыгынын алкагында, азыркы тапта жеке менчик ишканалардан тарта дээрлик баардык мекемелер электрондук документ алмашууга өттү. Жаңы типтүү тизмеде каралган документтердин 863 түрүнүн 745и эми санариптик форматта гана берилет. Тактап кайтканда, аларды кагаз жүзүндө кайталоо зарылдыгы жок. Азыр 118 документ гана мамлекеттик муктаждыктарга арналган кагаз түрүндө калууда. Анткени, алар биздин тарыхта сакталып кала турган документтер. Ал эми кээ бир документтерди электрондук форматка өткөрүүгө биздин мекемелер даяр эмес. Бирок, алдыңкы жылдары алардын саны дагы кыскарышы ыктымал. Бул маанилүү өзгөрүү башкаруу процесстерин жөнөкөйлөтүп гана тим болбостон, кагазды колдонууну азайтуу менен жарандардын документ алуусун жеңилдетет”, - деди ал.
Ошондой эле ал санариптик документ жүгүртүүгө өтүү республикалык бюджет үчүн жыл сайын болжол менен 1 млрд сом үнөмдөөгө алып келерин белгиледи.
"Инфоком ишканасынын анализине таянсак, санариптик документ жүгүртүүгө өтүү жыл сайын 1 млрд сом үнөмдөөгө мүмкүнчүлүк түзөт”, - деди ал.