"Аябай кымбаттап кетти". Депутат цементтин баасы боюнча маселе көтөрдү
Ушул жылдын 30-июлунда Министрлер кабинети сырттан цемент киргизүүгө мораторий жарыялаган
Жогорку Кеңештин бүгүн, 20-ноябрдагы жыйынында депутат Жеңишбек Токторбаев цементтин баасы боюнча маселе көтөрдү.
Анын дарегине элден, курулуш компаниялардан кайрылуулар түшүп жатканын айткан эл өкүлү цементтин баасы акыркы күндөрү кымбаттап кеткенин айтат.
"Цементтин баасы акыркы күндөрү аябай кымбаттап кетти. Мурда цементтин баасы 4 сом 20 тыйындан 5 сомго чейин болчу. Азыр 7 сом 20 тыйынга чейин.
Жалал-Абад шаарында 7 сом 20-30 тыйын, Ош шаарында 5 сом 80 тыйындан 6 сом 30 тыйынга чейин болуп кетти. Аябай кымбаттап кетти. Мунун негизи эмнеде?
Ушул жылдын 30-июлунда Министрлер кабинети сырттан цемент киргизүүгө мораторий жарыялаган. Ошонун негизинде цемент аябай кымбаттап кетти" дейт ал.
Депутат цемент курулуш тармагында негизги керектелүүчү товар экенин кошумчалап, аталган маселеге көңүл бурууну суранып өкмөттүн парламенттеги өкүлү Алмазбек Абытовго кайрылды.
"Ушул маселени чечип берүүнү Министрлер кабинетинен суранат элем. Цементтин баасын төмөндөтүп же цементке коюлган мораторий алынып салынсын" деди депутат.