Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу жакында башталышы мүмкүн

«Кыргыз темир жолунун» башкы директорунун айтымында бир нече макулдашууга кол коюу гана калды

«Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасы Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу боюнча долбоорду ишке ашырууда. Бардык тараптар менен макулдашуулар аягына чыкканын ишканын башкы директору Василий Дашков өзү билдирди.

«Өзгөчө тоскоолдуктар деле жок, бир нече сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп бүтсөк эле курулушту баштайбыз го деп турам. Каржылоо боюнча бизге орус тарап да, өзбек тарап да жардам берүүгө даяр. Жалпысынан долбоор 4,5 миллиард долларга эсептелинген», - деп тактады Дашков.

Мындан сырткары, ал темир жол сөзсүз түрдө өлкөнүн түштүгү аркылуу өтөрүн белгиледи.

«Бул коңшу мамлекеттерге транзит үчүн төлөбөгөнгө мүмкүндүк берет», — дп түшүндүрдү Дашков.

фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх