Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү былтыркыга салыштырмалуу көрсөткүчү төмөндөгөн

Кумтөр кенинде иштеп жаткан ишканаларды эсепке кошпогондо 

8 айда өнөр жай ишканалары 205,6 млрд. сомдук продукцияларды чыгарган
Бул тууралуу КР Экономика министрлиги өткөргөн республиканын сегиз ай ичиндеги социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн негизги көрсөткүчтөрүнө арналган жыйында айтылды.
Физикалык көлөмдүн индекси 100,1 пайыз болду. Кумтөр кенинде иштеп жаткан ишканаларды эсепке кошпогондо иштелип чыккан продукциялар 88,3 млрд. сом болуп, физикалык көлөмдүн индекси 90,4 пайызды түздү.
Өнөр жай өндүрүшүнүн ИДП түзүмүнө салымы 0,04 пайыз деңгээлинде деп бааланууда. ИДП өндүрүмүндө өнөр жайдын салыштырмалуу салмагы 23,0 пайыз.
Өнөр жай өндүрүшүнүн жалпы көлөмүндөгү эң жогорку салыштырмалуу салмагы иштеп чыгаруучу өндүрүштө 82,7 пайызды түздү. Ушул жылдын январь-август айларындагы продукциялардын көлөмү 170,2 млрд. сом суммасында болуп, өткөн жылдын ушул мезгилине карата физикалык көлөмдүн индекси 101,1 пайызды түздү.
Өсүш негизинен Кумтөр кениндеги ишканалардын негизги металлдарды өндүрүү көлөмүнүн көбөйткөнүнө байланыштуу (8 ай ичинде 12,6 пайызга көбөйгөн). Ошол эле учурда Кумтөр кенин иштеткен ишканаларды кошпогондо өндүрүш көлөмү төмөндөгөн.
Көптөгөн тармактарда тескери динамика орун алды. Атасак, нефтепродуктуларды өндүрүү көлөмү 56,1 пайызга, жыгач жана кагаз буюмдары, полиграфиялык ишмердүүлүк 15,6 пайызга, желим жана пластмасса буюмдар, металл эмес минералдык продуктулар 14,4 пайызга, текстиль өндүрүү, кийим жана бут кийим, тери жана териден жасалган буюмдарды өндүрүү 23,1 пайызга, тамак-аш продуктуларын (суусундуктарды кошкондо) жана тамеки заттарын өндүрүү 6,5 пайызга көлөмдөрү кыскарды.
Муну менен катар фармацевтикалык продукциялардын өндүрүшү 2,5 эсе, химиялык продукциялар 17,9 пайызга, негизги металлдардын жана даяр металл буюмдарынын өндүрүшү, машиналар менен жабдуулардан башкасы 11,6 пайызга көбөйгөнү байкалган.
Пайдалуу кендерди казууда (жалпы өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмүндөгү салыштырмалуу салмагы 5,3 пайыз) продукцияларды өндүрүү көлөмү январь-августтун жыйынтыгы менен 11,0 млрд. сом болсо, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу физикалык көлөмдүн индекси 92,4 пайыз болгон.
Электрэнергиясы, газ, буу жана тазаланган аба менен камсыздоодо (жалпы өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмүндөгү салыштырмалуу салмагы 11,0 пайыз) өндүрүү көлөмү үстүбүздөгү жылдын январь-август айларында 22,7 млрд. сомду түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 0,7 пайызга төмөндөгөн. Төмөндөө жылуу аба ырайынын шарттарына жана республиканын ички керектөөсүнүн төмөн болушуна да байланыштуу.
Суу менен камсыздоодо, тазалоодо, таштандыларды иштетүүдө жана экинчи сырьену алууда (жалпы өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмүнө салыштырмалуу салмагы 0,9 пайыз) физикалык көлөмдүн индекси 87,3 пайызды түзүп, ошол эле учурда өндүрүштүн көлөмү 1,8 млрд. сом болгон.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх