Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Айыл чарба министрлигинин экс-башчысы: Жакынкы арада эттин баасы төмөндөйт деп күтүүнүн кажети жок

Төрөгул Беков өлкөдө малдын саны жетишсиз экендигин айтты

Бишкек шаарынын тургундары эттин баасынын дээрлик 2 эсе көтөрүлүшүнө туш болушту. Экинчи жумада баалар жогорку деңгээлде. КР Айыл чарба министрлигинин мурунку башчысы Төрөгул Беков Vesti.kg сайтына кырдаал боюнча комментарий берди.

"Мен кыргызстандыктар этти жетиштүү өлчөмдө колдонбогондугунан баштайын", - деп түшүндүрдү Төрөгул Ниязович. - Бул продуктту керектөөнүн физиологиялык жана минималдуу ченемдери бар. Бир адамга жылына 61 кг эт туура келиши керек, биздин көрсөткүч 42 кг. Өзүбүздү эт менен 80% гана камсыздайбыз. Жетишпеген баланс импорттун эсебинен, анын ичинде Кытайдан келген. Учурда эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу соода операцияларынын азайышы байкалууда.

Беков ошондой эле ички эт жетиштүү көлөмдө өндүрүлбөй жаткандыгын баса белгиледи.

"Совет мезгилинде биздин калкыбыз азыркыга караганда аз болчу" деди ал. - Мурда бир адамга үч кой туура келсе, азыр - жарым кой. Бул эттин баасына таасир этет. Жайыт чарбасын өнүктүрүүнүн эсебинен өндүрүшүбүздү көбөйтүшүбүз керек. Мындан тышкары, бул тоют өндүрүшүн жана техникалык жабдууларды өркүндөтүүгө байланыштуу. Ошондуктан жакынкы аралыкта баалардын төмөндөшүн күтүүгө болбойт. Мүмкүн, эгерде эт арзандаса, анда 10-12% га. Эң башкысы, учурда белгиленген бааларды кармоо керек.

Эске салсак, жакында Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги бодо малды экспорттоого тыюу салганын жарыялаган. Бул иш-чара асыл тукум малдын жетишсиздигин болтурбоо максатында көрүлгөнү белгиленди.

Акылай Батырбекова
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх