Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандагы январь айындагы инфляциянын деңгээли ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен эң жогорку деңгээлге чыкты

Баарынан көбү азык-түлүк баалары көтөрүлдү

2021-жылдын январь айында, мурунку айга салыштырмалуу, ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдө керектөө бааларынын жана тарифтеринин жогорулашы белгиленип, эң чоң өсүш (2,2 пайыз) Арменияда катталды. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет билдирет.

 

Ушул жылдын январь айында 2020-жылдын январына салыштырмалуу Кыргыз Республикасында экономиканын керектөө секторунда инфляциянын эң жогорку деңгээли (10,1 пайыз) катталды.

 

Ошентип, биздин республикада үстүбүздөгү жылдын январь айында, өткөн жылдын январь айына салыштырмалуу, азык-түлүк товарларына баалар жана тарифтер (анын ичинде алкоголдук ичимдиктер жана тамеки өнүмдөрү) 16,2 пайызга жогорулаган. Ошол эле учурда, кызмат көрсөтүүлөргө баалардын максималдуу өсүшү - 8 пайызга жана азык-түлүк эмес товарларга - 8,7 пайызга Беларуссияда катталган.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх