Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Түрк жаш ишкерлер ассоциациясы өз жарандарын Кыргызстанга инвестиция салууга үндөйт

Бишкекте ассоциациянын өкүлчүлүгү ачылды

Түрк жаш ишкерлер ассоциациясы (TÜGİAD) кыргыз расмий өкүлдөрү менен жолугушуп, өлкөнүн инвестициялык аймактарын изилдеп, Кыргызстанда өкүлчүлүгүн ачты. Бул тууралуу түркиялык SuperHaber маалымат агенттиги билдирет.

Белгилүү болгондой, TÜGİAD Директорлор Кеңешинин төрагасы Нилуфер Чевикел баштаган делегация Кыргыз Республикасынын өкүлдөрү менен жолугушуп, эки тараптуу ишкер жолугушууларды өткөрүштү. Чевикел өлкөнүн инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү менен таанышты. Ошондой эле ал Бишкектеги энергетика, текстиль жана курулуш тармактарынын өкүлдөрү менен жолугушту.

Бишкекке үч күндүк иш сапарынан кийин Нилуфер Чевикел Кыргызстандын географиялык абалынын маанилүүлүгүн түшүндүрүп, инвестиция үчүн артыкчылыктуу багыттарды атады. Ошондой эле ал түрк ишкерлерине Кыргызстанга инвестиция салууга шашылууга кеңеш берди.

"Кыргызстан өнүгүп жатат, бирок өндүрүш жагынан Түркиядан кыйла артта калды", - деди ал. “Түрк ишкерлери бул мүмкүнчүлүктөрдү базар толо электе баалап алышы керек. Бул жерге бир-эки жылдын ичинде инвестиция салуу кыйынга турат. Инвестиция жагынан дагы, соода жаатында дагы түрк компаниялары Кыргызстанда болушу керек, анткени азыр алгачкы инвестицияларын салган жана жаңы бизнес ачкан компаниялар бир нече жылдан кийин кадыр-барктуу жана күчтүү болушат. Инвестициянын башка чөйрөлөрүнө тоо-кен, текстиль, дыйканчылык жана мал чарбасы кирет. Кыргызстанда алтын минералдарынын өтө олуттуу запасы бар. Бирок, башка пайдалуу кендер дагы бар. Тоо-кен тармагы көптөгөн чоң артыкчылыктарга ээ. Дыйканчылык жана мал чарбачылыгы дагы потенциалы жогору тармактар.

Белгиленгендей, кеңсени Жемал Эрсой жетектеген. TÜGİAD дүйнө жүзү боюнча кеңселеринин жалпы саны 13кө көбөйдү. Ассоциациянын кеңселери ишкерлер менен өлкөлөрдүн ортосунда көпүрө болуп кызмат кылат.

Канышай Балкыбекова
Сүрөт SuperHaber

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх