Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Эксперт: Кыргызстанда капиталдын агылып чыгуусу күч алууда

"Чет элдиктердин артынан жергиликтүү ишкерлер кетип жатат"

Коомдо жаңы Салык кодексин кайра карап чыгуу тууралуу сөз токтобойт. Көптөгөн бизнесмендер документке киргизилген айрым түзөтүүлөргө нааразы.
 
Ал арада ЭИКтин аткаруучу директорунун орун басары Дастан Иманалиев Vesti.kg сайтына жаңы Салык кодекси ишкерлерди тынчсыздандырып жатканын билдирди.
 
«2021-жылы Кыргызстанда капиталдын агылып чыгуусу көбөйгөн», - деди ал. -Бизнесмендердин кооптонуусу күчөп, мамлекеттик структуралардын мамилеси аларды чет өлкөгө чыгууга аргасыз кылууда. Чет элдиктердин артынан жергиликтүү ишкерлер кетип жатат.
 
Мындан тышкары, эксперт жаңы мыйзамдар ишкерлерге басымды күчөтүп жатканын кошумчалады.
 
«Бизнес-ассоциациялар коңгуроо кагып жатышат», - деп улантты ал. - Бизнес коомчулугу бийликти сапаттуу чечим кабыл алууга үндөп жатышат. Мамлекеттин мындай мамилеси ишкерлердин көмүскөгө кетишине шарт түзүп жатат.
 
Ислам Жолдошев
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх