“Шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт”. Казакстан эмнеге аскердик кубаттуулугун күчөтүп жатат?
Президент Нурсултан Назарбаев эл аралык мамиле түзүүдө АКШ жана Россия менен эки тараптуу оюн жүргүзүп, өзүнүн коңшу өлкөлөрүнө коркунуч туудурууда, - дейт айрым эксперттер
Акыркы убакта Казакстан өзүнүн ЖККУ жана ЕАЭБ боюнча өнөктөшү Россия менен көп багыттуу саясат жүргүзүүүгө киришти.
Үстүбүздөгү жумада казакстандык ММКлар Казакстан өз портторун АКШнын аскердик базасы үчүн ачты деп билдирүү жаадырды. Өз кезегинде Казакстандын Россиядагы элчилиги бул маалыматты негизсиз дейт. Бул окуялар тууралуу аскерий талдоочу Мурат Бейшенов, Vesti.kgге берген маегинде Назарбаев Россия менен болгон мамилесинде эки тараптуулукка жол бергенине көп болгонун белгилейт.
- Азыр Назарбаев ЖККУ жана ЕАЭБде калуу менен бирге АКШдан каражат алууда. Мындай эки жакка ойногон оюн аны жакшылыкка алып барбайт, – деп эсептейт Бейшенов. – Албетте, ар бир эле эгемендүү өлкө мындай кырдаалда чечимди өзү кабыл алат. Бирок бул жерде шериктештиктеги өлкөлөрдүн кызыкчылыктары тебеленип калып жатат. Эң негизгиси - АКШ менен Россия мамилелерин тактап алууга кирише турган болсо, кошуна мамлекеттер буга аралашып кетпеш керек.
Талдоочулардын байкоосунда, АКШ көптөн бери Борбор Азия аймагында өзүнүн таасирин күчтөнтүүнү көздөп келет.
- Назарбаев Өзбекстан менен аскердик кубаттуулук боюнча ачык эле атаандашып жатат. Өзбек тарапта азыр АКШ каржылап аткан өтө күчтүү армия бар, Казакстан Борбор Азияда лидер болуу үчүн көптөгөн кадамдарга барышы керек, - деп эсептейт эксперт Бейшенов.
Көңүл бура турган нерсе - бүгүн казакстандык ММКларда Казакстан аскердик кубатын арттырып жаткандыгы тууралуу билдирүүлөр тарап жатат. Өткөн жылга караганда коргонууга кеткен чыгымдар 20 пайызга көбөйгөнү белгиленген.
Коргонуунун негизги бөлүгү Алматыга бөлүнгөн. Себеби Алматы чөлкөмү Кыргызстан жана Кытай менен чектешет. Болгону эки гана ай ичинде казынадан 2 триллион теңге сарпталган. Анын бештен бир бөлүгү Алматы облусуна чыгымдалган.
Эл аралык иштер боюнча талдоочу Эдиль Осмонбетовго Vesti.kg сайты пикир алуу үчүн кайрылганда, ал коңшу өлкөнүн мындай кадамына таң калганын айтты.
- Ар бир эле мамлекет аскердик кубаттуулугун арттырууга умтулат. Эгерде бул маалыматтар жалган болсо, анда 20% деген бул өтө чоң сан да. Коргонууну күчтөндүрүү үчүн социалдык секторлордон кыркып алуу керек – бирок бул иш ага татыйбы ? Кантип эле Казакстандын мындан башка маселелер жок болсун ? – деп таң калат ал.
Казакстандын мындай жүрүм-туруму эки негизги факторго байланыштуу болушу мүмкүн - экстремизм менен күрөшүү жана башка потенциалдык коркунучтардын алдын алуу.
- Азыр аймакта кээ бир саясий күчтөрдүн тиреши байкалып атат. Биз баарыбыз бир-бирибиз менен байланыштабыз. Эми бул нерседен ар ким пайдаланып кетиши мүмкүн, - деп ал өз чочулоосун билдирди.
Аскердик талдоочу жана саясат таануучу Токтогул Какчекеев, өз кезегинде, Казакстан бийлигинин мындай аракеттеринен эч кандай күмөндүү нерсе көрбөгөнүн айтат.
- Менин оюмча, бул аскердик күчтөнүү жана Алматыны коргоонууну күч алдыруунун бизге эч кандай тиешеси жок. Казакстан чамасы Ереванда болуп жаткан нерселерден улам чек араны коопсуз кылууга аракеттенип жаткан өңдөнөт. Казакстандын террорчулардан башка корко турган эч ким деле жок. Ал эми биздин мамлекеттин ичинде болуп жаткан нерсе - бул биздин гана маселебиз, - деп билдирет ал.
Ошол эле учурда Какчекеев чек ара маселелери боюнча лидерлердин чочулоолору жөндүү экенин айтат. Эгер саясий чечимдер ойлонулбай кабыл алынса, аймакта карама-каршылык пайда болушу толук мүмкүн, - дейт ал.
Алтынай Темирова
Фото www